The instructions for victims

 
no ad

Embed or link this publication

Description

broshure A6 KIRGHIZ for site

Popular Pages


p. 1

РАСАЛЫК ЖЕК КѲРҮҮЧҮЛҮКТѲН ЖАНА КАСТЫКТАН УЛАМ ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШТАРДАН ЖАБЫР ТАРТКАНДАР ҮЧҮН ЭСКЕРТМЕ

[close]

p. 2

П 15 ББК 67.411 Расалык жек кѳрүүчүлүктөн жана кастыктан улам жасалган кылмыштардан жабыр тарткандар үчүн эскертме. Маалыматтык чыгарылыш. СПб. 2016. 78-бет. Бул басылма Расалык жек кѳрүүчүлүктөн жана кастыктан улам жасалган кылмыштардан жабыр тарткандарга алардын укуктарын жана аларга келтирилген зыяндарды калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон аракеттер жѳнүндѳ сунуштамаларды камтыйт. Тиркемеде жардам сурап кайрылууга боло турган мекемелер жана уюмдар менен байланышуу даректери, ошондой эле жабырлануучулардын укуктарын коргоо жаатындагы нормативдик-укуктук документтерден мисалдар келтирилген. Басылма Санк-Петербургдагы «Жарандык кѳзѳмѳл» коомдук уюму тарабынан даярдалып, Civil Rights Defender (Швеция) колдоосунун негизинде басылып чыкты. Тиражы 1000 нуска акысыз таратылат © Санк-Петербургдагы «Жарандык кѳзѳмѳл» коомдук уюму, 2016

[close]

p. 3

РАСАЛЫК ЖЕК КѲРҮҮЧҮЛҮКТѲН ЖАНА КАСТЫКТАН УЛАМ ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШТАРДАН ЖАБЫР ТАРТКАНДАР ҮЧҮН ЭСКЕРТМЕ Санкт-Петербург 2016

[close]

p. 4

РАСАЛЫК ЖЕК КѲРҮҮЧҮЛҮКТѲН ЖАНА КАСТЫКТАН УЛАМ ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШТАРДАН ЖАБЫР ТАРТКАНДАР ҮЧҮН ЭСКЕРТМЕ МАЗМУНУ Баштапкы сөз. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 3 Эскерткичтин кыскача баяндамасы . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 6 Кылмыштардан жабырлануучулар үчүн эскерткич . . . . . . . . 13 Тиркеме: Сурамжылоо маалыматы. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 47 РФнын Кылмыш-процессуалдык кодекси (үзүндүлѳр) . . . . 58 2

[close]

p. 5

БАШТАПКЫ СѲЗ БАШТАПКЫ СѲЗ Бири-бирине туруштук бербѳѳ жана жек кѳрүү коомдун ар түрдүү чѳйрѳлѳрүндѳ пайда болууда. Экстремисттер жана террористтер ѳз максаттарына жетүү үчүн ар башка улуттардын, элдердин, диний ишенимдердин ѳкүлдѳрүнүн ортосунда карама-каршылыктарды жаратууда. Россияда саясий кырдаалдын ѳзгѳрүшү Россиянын мурунку тоталитардык системага кайтуусуна каршы пикирлерин билдирген жарандарга карата кылмыштуу аракеттердин орун алышына алып келди. Россиянын мыйзамдарында жек кѳрүүгѳ байланыштуу жасалган кылмыштар жѳнүндѳ «жек кѳрүүгѳ байланыштуу» деген түшүнүктүн ѳзү жок болгону менен, бул жааттагы мыйзамдар жетишээрлик түрдѳ иштелип чыккан. Эрежеге ылайык, эгер кылмыш жек кѳрүүгѳ байланыштуу жасалган болсо, кылмыштын бул түрү жоопкерчиликти жогорулатуучу кырдаал катары каралат. Россиянын мыйзамдарындагы мүчүлүштүктѳр жек кѳрүүгѳ байланыштуу жасалган кылмыштардын курмандыктарына укуктук жардамдардын жеткиликтүүлүгүнүн чектелүү болушуна алып келүүдѳ. Бул категориялар боюнча адилет сот териштирүүсүнѳ ээ болуу укугу кѳпчүлүк учурда мыйзамсыз түрдѳ чектелип калууда, мисалы, орус тилинде сүйлѳй албаган, же жеткиликтүү деңгээлде сүйлѳй албаган жабырлануучуга котормочу берилбейт, соттор калыс эмес болушу мүмкүн, анткени алар дагы коомдо ѳкүмдүк кылып жаткан ксенефобия менен оорушат. 3

[close]

p. 6

РАСАЛЫК ЖЕК КѲРҮҮЧҮЛҮКТѲН ЖАНА КАСТЫКТАН УЛАМ ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШТАРДАН ЖАБЫР ТАРТКАНДАР ҮЧҮН ЭСКЕРТМЕ Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин ѳзгѳчѳ бѳлүгүндѳ жоопкерчиликти жогорулатуучу кырдаал катары каралуучу расалык айырмачылыгы боюнча жек кѳрүүнүн себептерин камтыган 13 берене бар. Бирок, Санкт-Петербург шаары боюнча сот департаменти* башкармалыгы жек кѳрүүгѳ байланыштуу кылмыш иштерине ѳзүнчѳ фиксация жүргүзбѳйт. Айрым бир статистиканы Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча ИИМдин Шаардык башкармалыгы** жүргүзѳт. Бирок, алар чет жердик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ар түрдүү себептерден улам жасалган кылмыштардын санын фиксациялашат. Ксенофобиянын жана мигрантофобиянын ѳсүүсүнѳ байланыштуу жек кѳрүүчүлүктөн жана кастыктан улам жасалган бир катар кылмыштар ачылбай, тескеринче жабылуу бойдон калууда. Мындай кылмыштардын башкы себептери ѳзгѳргөн жок, жабырлануучулардын арыздары кабыл алынбайт: жыйынтыгында далилдер жок болууда, күбѳлѳр табылбайт; кылмыштын издери жок кылынат. Мындай кылмыштардын курмандыктары коргоо издеп укук коргоо органдарына кайрылгандан коркушат, себеби, адатта мындай учурда жабыр тарткан адамга карата жасалган кылмыш иликтѳѳгѳ алынбастан, арыз берүүчүнүн Россияда жүрүү макамы жѳнүндѳ маселе каралат, жек кѳрүү жана * 2015-жылдын 6 айынын ичинде Санкт-Петербургдагы соттолуучулардын абалы жөнүндө салыштырма статистикалык көрсөткүчтөр\\СанктПетербург шаары боюнча Сот департамени башкармалыгынын расмий сайты. URL: http://usd.spb.sudrf.ru/ ( кайрылган датасы 02.03.2016). **Статистика жана аналитика. Кылмыштуулуктун абалы: актуалдуу көрсөткүчтөр\\ Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин расмий сайты, URL:https://mvd.ru/folder/101762/item/7207988/ (дата обращения 02.03.2016). 4

[close]

p. 7

БАШТАПКЫ СѲЗ душмандашуудан улам жасалган кылмышты иликтегендин ордуна, кылмыштын курмандыктарыРФнан чыгарып салууга чейин жазалоочу административдик жоопкерчиликке тартылып калышууда. Чындыгында, кылмыштын курмандыгы мындай кырдаалга кабылган учурда ѳзүнүн бардык укуктарынан ажырабайт жана кылмышты иликтѳѳгѳ катыша алат. Колуңуздагы бул эскерткичте мындай кырдаал ѳзүнчѳ бѳлүмдѳ каралат. Эсиңизден чыгарбаңыз, эгер кылмыш жасалып, бирок анын бети ачылбаса, анда мындай кылмышты дагы деле жасай берүүгѳ жѳндѳмдүү кылмышкер жазасыз калат. Биле жүрүңүз, эгер Россияда Сизге жек кѳрүү жана кастыкка байланыштуу кылмыш жасалса, анда укук коргоо органдары эч токтоосуз натыйжалуу жана калыс изилдѳѳ жүргүзүүлѳрү керек жана Сиздин Россияда жүрүү макамыңыздын укуктук деңгээлине карабастан Сизди жабырлануучу (кылмыштын курмандыгы) катары таанышы керек. Сиздин ѳз укуктарыңызды коргоодогу чекиндүүлүгүңүз келечекте сѳзсүз түрдѳ кылмышкерди жазалоо жана келечекте неонацизм, ксенофобия жана экстремизимди токтотуу менен сыйланышы керек. Сиз юридикалык жардам алуу үчүн «Жарандык кѳзѳмѳл» укук коргоо уюмуна кайрылсаңыз болот: тел. (812) 380 60 30, эл. почта jurist@citwatсh.org. 5

[close]

p. 8

РАСАЛЫК ЖЕК КѲРҮҮЧҮЛҮКТѲН ЖАНА КАСТЫКТАН УЛАМ ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШТАРДАН ЖАБЫР ТАРТКАНДАР ҮЧҮН ЭСКЕРТМЕ ЭСКЕРТКИЧТИН КЫСКАЧА БАЯНДАМАСЫ ОКУЯ БОЛГОНДОН КИЙИН ДАРОО ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК 1. «02» же «112» чалуу; 2. Сизге каршы кылмыш жасалган жерди сүрѳткѳ тартып алуу; 3. Медициналык жардам алуу үчүн кайрылуу (жаракат таңуу пункту, тез жардам); 4. Мүмкүнчүлүккѳ жараша дарыгерден медициналык доку- менттердин кѳчүрмѳсүн алуу; 5. Кылмыш болгон жерди полиция кызматкерлери келгиче эч тийбестен сактап туруу. КЫЛМЫШ ЖѲНҮНДѲ АРЫЗ ТАПШЫРЫП ЖАТКАН УЧУРДА ѲЗҮН КАНДАЙ АЛЫП ЖҮРҮҮ КЕРЕК 1. Жакын жердеги полициянын бѳлүмүнѳ баруу жана кылмыш болгондугу жѳнүндѳ кабарлама жазуу (же оозеки билдирүү); 2. Эгер Сизге котормочу керек болсо, аны ѳз алдынча табыңыз жана полиция бѳлүмүнѳ аны менен чогуу барыңыз; 3. Ѳзүңүз менен чогуу диктофон алып алыңыз, же полиция бѳлүмүндѳ болгон окуяларды мобилдик телефонго жазып алыңыз; 6

[close]

p. 9

ЭСКЕРТКИЧТИН КЫСКАЧА БАЯНДАМАСЫ 4. Сиздин кылмыш жѳнүндѳ арызыңызды кабыл алган кызматкерден талон-кабарлама алыңыз, анда кызматкердин аты-жѳнү жана арыз кабыл алынган датасы кѳрсѳтүлүшү керек; 5. Эгер Сиздин арызыңызды алуудан баш тартып жатышса – жетекчини чакырыңыз, «02» (же «112») чалыңыз, же болбосо нѳѳмѳттѳгү прокурорго арызданыңыз; 6. Эгер алар Сизден кылмыш жѳнүндѳ арыз алуудан баш тартып жатышса, полиция кызматкерлеринин аты-жѳнүн жазып алыңыз, же эсиңизге түйүп алыңыз. АРЫЗДА ЭМНЕЛЕР КАМТЫЛЫШЫ КЕРЕК 1. Полиция бѳлүмүнүн номуру жана анын дареги, району; 2. Сиздин аты-жѳнүңүз, жашаган жериңиз, байланыш телефондоруңуз; 3. Кылмышка баа бербестен, анын болгонун болгондой то- лук сүрѳттѳп берүү; 4. Окуя болуп ѳткѳн так убакыт; 5. Сизге келтирилген зыянды сүрѳттѳп берүү – материалдык жана\моралдык; 6. Датасы жана Сиздин колуңуз. 7

[close]

p. 10

РАСАЛЫК ЖЕК КѲРҮҮЧҮЛҮКТѲН ЖАНА КАСТЫКТАН УЛАМ ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШТАРДАН ЖАБЫР ТАРТКАНДАР ҮЧҮН ЭСКЕРТМЕ ЭГЕР СИЗДИН АРЫЗЫҢЫЗДЫ АЛУУДАН БАШ ТАРТЫШСА, ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК 1. «02» же «112» телефондоруна чалыңыз; 2. Нѳѳмѳттѳгү прокурорго кайрылыңыз; 3. Арызга тиркелгендерди тизмелеп, баарын чогуу тапшы- руу жөнүндө билдирүү менен бирге буюртма кат менен жөнөтүңүз же болбосо канцелярия аркылуу гана ички иштер министрлигинин райондук бөлүмүнө даттануу арызын бериңиз; 4. Арызга тиркелгендерди тизмелеп, баарын чогуу тапшыруу жөнүндө билдирүү менен бирге буюртма кат менен жөнөтүңүз же болбосо РФнын КПКнин 124-беренесине ылайык канцелярия аркылуу гана райондун прокуроруна даттануу арызын жөнөтүңүз; 5. Арызга тиркелгендерди тизмелеп, баарын чогуу тапшыруу жөнүндө билдирүү менен бирге буюртма кат менен жөнөтүңүз же болбосо РФнын КПКнин 124-беренесине ылайык канцелярия аркылуу гана полиция органынын дареги боюнча сотко даттануу арызын тапшырыңыз. 8

[close]

p. 11

ЭСКЕРТКИЧТИН КЫСКАЧА БАЯНДАМАСЫ ЭГЕР СИЗДИН АРЫЗЫҢЫЗ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГОБОСО ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК 1. Кылмыш ишин козгоодон баш тарткандыгы жѳнүндѳ токтомдун кѳчүрмѳсүн алыңыз; 2. РФнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 124-беренесине ылайык, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жѳнүндѳ чечим кабыл алгандыгы жөнүндө аны кароого ыйгарым укуктуу прокурорго, же тергѳѳ органынын жетекчисине жазуу түрүндѳ даттануу арызы менен кайрылыңыз; 3. РФнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 125-беренесине ылайык, кылмыш ишин козгоодон баш тарткандыгы жѳнүндѳ токтомдун үстүнѳн сотко даттануу арызын бериңиз. РФнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 124-беренесине ылайык, прокуратурага, же тергѳѳ органдарынын жетекчисине, ошондой эле РФнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 125-беренесинин негизинде сотко бир эле маалда кайрылуу сот иштерин кечеңдетиши мүмкүн. Биринчиден, сот даттануу арызы боюнча ишти Прокурор Сиздин даттанууңузга жооп бере элек деген негизде токтотуп коюушу мүмкүн. Бирок, прокурор Сизди канааттандырбаган жоопту берип кое турган болсо, ал эми сот болсо, Сиздин пайдаңыз үчүн чечим чыгарган кырдаал дагы болуп калышы мүмкүн. Демек, даттануу арызын бир убакытта берүү менен Сиз ѳзүңүздүн эле убактыңызды жоготуп аласыз. Ар кандай кырдаалдарга даяр болуңуз деген кеңешти бермекчибиз. 9

[close]

p. 12

РАСАЛЫК ЖЕК КѲРҮҮЧҮЛҮКТѲН ЖАНА КАСТЫКТАН УЛАМ ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШТАРДАН ЖАБЫР ТАРТКАНДАР ҮЧҮН ЭСКЕРТМЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН УЧУРДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК 1. Ишеним каттын негизинде ѳзүңүзгѳ коргоочу, же юрист табыңыз; 2. Ѳзүңүздүн коргоочуңуздун, же юристиңиздин катышуусунда тергѳѳ амалдарына катышыңыз; 3. Иштин материалдары менен таанышыңыз, аларга талдоо жүргүзүңүз: тергѳѳчү дагы эмнени аткарган жок? 4. Тергѳѳгѳ активдүү катышыңыз: ѳтүнүч кат бериңиз, далилдерди чогултуңуз жана аларды иштин материалдарына кошуңуз; экспертиза жѳнүндѳ ѳтүнүч кат берүү ѳзгѳчѳ маанилүү; 5. Сизди жарандык доогер катары таануу боюнча ишеним кат өткөрүңүз (Сиз муну сотто жасасаңыз болот); 6. Иштин жүрүшүнѳ байкоо жүргүзүп туруңуз, тергѳѳчү менен дайыма чалып байланышта болуңуз, зарылчылык жаралган учурда анын аракетсиздиги үчүн даттануу арызы менен кайрылсаңыз дагы болот. СОТТО ѲЗҮН КАНДАЙ АЛЫП ЖҮРҮҮ КЕРЕК 1. Мүмкүнчүлүккѳ жараша, сот жыйындарына ишеним каттын негизинде коргоочуңуз, же ѳкүлүңүз менен чогуу катышыңыз; 2. Эгер Сиздин сотко катышууңуз мүмкүн болбосо, анда Сиздин коргоочуңуз же ѳкүлүңүз ишеним каттын негизинде сотто Сиздин кызыкчылыгыңызды коргосун. 3. Эгер Сизге котормочу керек болсо, Сизге котормочу берүүсү жѳнүндѳ ѳтүнүч кат менен кайрылыңыз; 10

[close]

p. 13

ЭСКЕРТКИЧТИН КЫСКАЧА БАЯНДАМАСЫ 4. Сот залында ѳзүн сотто алып жүрүү эрежелерин сактаңыз; 5. Эгер Сиз соттун чечимин адилетсиз деп эсептесеңиз, анда соттун чечиминин үстүнѳн даттануу арызын берсеңиз болот. ЭГЕР СИЗДИ РОССИЯДАН ЧЫГАРЫП ТАШТАСА, ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК 1. Россияда Сиздин кызыкчылыгыңызды коргой турган коргоочу табыңыз; 2. Россиядагы юристиңизге ишеним кат бериңиз; 3. Сиздин ал жактагы тууганыңыз өзүн Сиздин ишиңиз бо- юнча жабырлануучу катары таануусун суранып, ѳтүнүч кат бере алат жана коргоочунун жардамы аркылуу ѳзүнүн атынан Сиздин кызыкчылыктарыңызды коргой алат. Жогоруда стресстик кырдаалга кабылган учурда ыкчам түрдѳ кандай аракеттерди кѳрүү керек экендиги жѳнүндѳ кыскача баяндап бердик, адамдын жашоосуна жана ден-соолугуна каршы жасалган ар бир аракет кылмыш болуп саналат. Тѳмѳндѳ болсо мына ушундай кырдаалдарда эмне кылуу керек экендиги жѳнүндѳ кенен сүйлѳшѳбүз. 11

[close]

p. 14

ПОЛИЦИЯ К Ы З М АТ К Е РЛ Е Р И КЕЛГЕНГЕ ЧЕЙИН КЫЛМЫШТЫН ОРДУН САКТАП Т УРУУ ЗАРЫЛ «02» ЖЕ «112» ЧАЛЫҢЫЗ КЫЛМЫШТЫН ОРДУН  СҮРѲТКѲ ТАРТ УУ КЕРЕК СИЗГЕ КЕЛТИРИЛГЕН ЗЫЯНДАРДЫ СҮРѲТКѲ ТАРТ УУ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА 03 КАЙРЫЛУУ 12 ДАРЫГЕРДЕН ДОКУМЕНТТЕРДИН КѲЧҮРМѲСҮН АЛУУ

[close]

p. 15

ОКУЯ БОЛГОНДОН КИЙИН ДАРОО ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК ОКУЯ БОЛГОНДОН КИЙИН ДАРОО ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК Ошол учурда эң биринчи жана эң негизгиси: Сизге карата коркунучтар кайрадан кайталанбай тургандыгына толук кѳзүңүз жеткенден кийин гана бардык аракеттерди баштоо керек. Эгер, Сиздин тиешелүү кѳндүмдѳрүңүз менен жѳндѳмдѳрүңүз болсо гана кылмышкерлердин изине түшүүгѳ, аларды кармоого аракет кылсаңыз. Сиз үчүн эң негизгиси жеке өзүңүздүн коопсуздугуңузду камсыз кылуу, зарылчылыкка жараша тезирээк медициналык жардам алуу маанилүү. 1-А РА К Е Т. Окуя жѳнүндѳ шаардык телефондон «02», мобилдик телефондон «112» аркылуу чалып кабарлоо керек, же болбосо аймактык бѳлүмдүн телефонун бул Эскерткичтеги тиркемеден таба аласыздар (29-бет) жана жакынкы медициналык мекемеге барыңыз (жаракат бѳлүмү), ал жерден Сизге тез медициналык жардам кѳрсѳтүшѳт (эгер Сиз ѳзүңүз ал бѳлүмдѳргѳ бара албай турган абалда болсоңуз, дарыгерлерди жана кызматкерлерди чакырыңыз). • Сиздин дарыгерге айткан сѳздѳрүңүз, тергѳѳ үчүн абдан маанилүү роль ойнойт; • Дарыгер Сиздин айткан сѳздѳрүңүз боюнча ден-соолукка кандайча зыян келтирилгендиги тууралуу медициналык документке жазышы керек жана ал тууралуу полицияга маалымдашы керек; 13

[close]

Comments

no comments yet